
Бүгүн, 5-февралга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард 61 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
"Суунун агып келиши секундасына 143 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 682 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал арада өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.