Эстрада ырчысы Гүлназ Чыныбек кызы темир тулпарлуу болду. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазды.
"Кудайдын буйругу менен дагы бир максатым ишке ашып отурат. Бул албетте алгачкы унаам эмес. Бирок кыялымда жашап жүргөн ак тулпарлуу болдум.
Биринчи жолу машина тандаганда каражатымдын жетишине карап гана тандоо мүмкүнчүлүгү болсо, бул жолу автоунаанын абалына, жылына, пробегине, өңүнө, маркасына, жүрүшүнө, комплектациясына, кайсы өлкөдөн келгенине карап тандоо мүмкүнчүлүгү насип этиптир.
Эң башкысы гибрид экенин жактырдым. Кыргызстандын экологиясын сактоого бир аз болсо да салым болор деп ниет кылдым", - деп жазган.
Ошондой эле ал "Ар бир катталуучум кыялындагы тулпарга жетсин" деп кошумчалаган.