Өлкөнүн аймагында акыркы суткада 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда – 1, Чүй облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 2 тилсиз жоо катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болбогону кошумчаланды.