Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылуудан улам Түкрмөнстан өлкөсү жиберген гуманитардык жардам Бишкекке келди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.
Түркмөнстан гуманитардык жардам катары 2 миң тонна суюлтулган газ жөнөткөн.
"Темир жол аркылуу келген 58 вагон жүктү тосуп алуу иш-чарага Энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев дагы катышып, Түркмөнстандын президентине,Түркмөнстандын Энергетика министрлигине жана Түркмөнгаз мамлекеттик концернинин төрагасына ыраазычылыгын билдирди", - деп билдиришти министрликтен.