Чүйдө баңги кылмышына шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ИИМдин ыкчам кызматтары кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманган жана баңгизатты мыйзамсыз сактоо жана сатуу каналын турукташтырып алган жарандар жөнүндө маалымат алышкан. Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылы кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында баңги кылмышына шектүүлөрдүн бирин мурда бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун 1983-жылы туулган жашоочусу К.А.ны кармашкан.
"3-февраль күнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган “Аза Большой” лакап аттуу К.А. аттуу жарандан ширенкенин кутусундай таңгакталган каннабис чайыры (гашиш) табылып алынган", - деп билдиришти ИИМден.
Кармалган жаран Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.