Футбол боюнча Кыргызстандын 17 жашка чейинки жаштар курама командасы Беларуста өтө турган Эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдеште жалпысынан 11 курама команда 4 тайпага бөлүнүп ойношот. Кыргызстан “А” тайпасында Украина жана Литва менен оюн өткөрүп, тайпадан чыгуу бактысын сынамакчы.
Мелдеш 2014-жылдын 19-26-январь күндөрү Минск шаарында өтөт.