Биз социалдык тармакта

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 3,7 чакырымы боюнча макулдашылды

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 3,7 чакырымы боюнча макулдашылды. Бул тууралуу макулдашууга 30-январдан 5-февралга чейин эки өлкөнүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун Баткен шаарында өткөн жолугушуусунда кол коюлду.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты. Калган аймактарды сыпаттоо иштерин Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан