Мекендештерин мажбурлап ишке орноштуруп, алардан акча алып жүргөн пакистандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Чүй ОИИББинен билдирди.
Маалыматка караганда, чет элдик жаран өз мекендештерине эмгек визасын алып берүүнү жана Кыргызстанда жакшы маяналуу ишке орноштурууну убада кылып, 600-5000 долларга чейин алган. Бирок иш жүзүндө аларды туристтик виза менен алып келип, тигүү цехтерине жайгаштырып, мыйзамсыз иштөөгө мажбурлаган.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесине (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу), 209-беренеге (Алдамчылык) жана 166-беренсине (Адам сатуу) ылайык кылмыш иштери козголгон.
Шектүү катары Пакистандын 30 жаштагы жараны кармалып, 2 айга камакка алынды.