Биз социалдык тармакта

Бишкекте 29 жаштагы боюнда бар келин операция учурунда каза болду

Бишкектеги №4 төрөт үйүндө кесарево учурунда 29 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу маалыматты саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Кабарлангандай, бүгүн, 5-февралда эртең менен келиндин өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан кесарево жолу менен төрөтүү чечими кабыл алынган.

Кошумчалангандай, бул анын үчүнчү кош бойлуулугу жана үчүнчү төрөтү болгон.

Ал эми ымыркай ара төрөлүп, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан