Бишкек жана Чүйдө баңгизат сатуу боюнча туруктуу канал түзгөн шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Бишкек ШИИББинен билдирди.
Маалымдагандай, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда баңгизат сатуу боюнча 1965-жылы туулган К.Т. аттуу шектүү кармалган.
Кармалган жарандын жашаган жерине Афур аттуу кызматтык иттин жардамы менен текшерүү жүргүзгөндө 2 килограмм 700 граммды түзгөн кара куурай табылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Иликтөө иштери уланууда.