Шопоков шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан Наргиза Шатманалиева табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ал 3-январь күнү Шопоков шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Мындан улам туугандары милицияга кайрылышкан.
Ал дээрлик бир айдан кийин, тагыраагы 2-февралда Бишкек шаарынан табылды.