Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаңы кичи ЖЭБ куруу пландалып жатат (видео)

Бишкекте кубаттуулугу 500 мегаватты түзгөн кичи ЖЭБ курууну пландап жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Түркиялык инвесторлордон сунуш түштүп жатат.

“ЖЭБдин кубаттуулугу 500 мегаватты түзөт. Анын ичинен 150 мегаватты электр кубаттуулугу болсо, 350 мегаватты жылуулукка иштетилет. Азырынча объектинин курула турчу аныктала элек”, - деди ал.

Ошондой эле Байгазиев ТЭЦ-2ни калыбына келтирүү жана Бишкектин түштүк-батышындагы насостук станциялардын ордуна откана куруу маселеси каралып жатканын кошумчалады.

05.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2024-02-05 20:45:00
Жанагы элитка үйлөр кымбат төлөсүн деген бийлик жаңыласың. Элитка десе эле миллинерлер жашап жаткандай ойлошот окшойт. Эптеп кредитке, ипотекага үй алып жашап жатышса, аларды да байсыңар деп тоноп жатасыңар азыркы бийлик. Элди жарытпаган азыркы бийлик. Кыматчылыктан азабын тартып келе жаткан кыргыз элине, азыркы бийликтин салык саясаты элди ого бетер түйшүкө салды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан