Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 8-13-январь күндөрү Алматы шаарында өткөн XX Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында жеңишке жетишкен окуучуларды жана алардын мугалимдерин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, төрага кийинки жылдан тарта Жаутыков (IZHO) олимпиадасына катышууну каалаган окуучуларга Жогорку Кеңештин атынан каржылык колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.
Ошондой эле ийгилик жараткан окуучулар арасында дүйнөнүн алдыңкы университеттерине тапшырууну каалагандар болсо, төраганын резервдик фондунан керектүү жардамдар берилерин кошумчалады.