Бүгүн, 5-февралда саат 18:30га карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 1109 адам, 32 техника тартылды. Бул тууралуу Медиа штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек ЖЭБдин аймагын авариядан кийинки курулуш калдыктарынан тазалоо иши 95 пайызга, имаратын жылуулоо 65 пайызга бүткөрүлдү.
Ал эми жалпы кызматкерлердин коопсуздугу жана ден-соолугу тыкыр көзөмөлгө алынып, тамак-аш менен камсыздалууда.