Энергетика тармагын жана 2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чараларды каржылоого 74 миллиард сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул 2023-жылга каралгандан 40,7 миллиард сомго көп.
Анын ичинде каражаттар төмөнкүлөргө жумшалат:
- "Электр станциялары" ААКсынын жана "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКнын уставдык капиталын көбөйтүү - 55,8 миллиард.
- күз-кыш мезгилине даярдык көрүү - 7 миллиард сом;
- бюджеттик ссудаларды бөлүү – 2,7 миллиард.
Мындан тышкары, мамлекеттик инвестициялык программаларда энергетика тармагына 8,1 миллиард сом жумшалат.