Бишкек шаарынын прокуратурасы Бишкек эркин экономикалык аймагында мүлк мыйзамдарын текшерип, мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 1997-жылы мамлекеттин менчигиндеги аянты 428, 8 чарчы метр болгон жер тилкеси менен өндүрүштүк имараттар "И-м Т-ко" жоопкерчилиги чектелген коомуна 40 жылга ижарага берилген. Бирок Бишкек ЭЭАнын жана "И-м Т-ко" ЖЧКсынын жооптуу кызматкерлери 2002-жылы сатып алуу-сатуу процедурасын мыйзамсыз өткөрүшүп, өндүрүштүк имараттарды "F-M" ЖЧКсына жеке менчикке сатып жиберишкен.
Ага ылайык, 2021-жылы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери 19 жыл мурун "И-м Т-ко" ЖЧКсы менен "F-M" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн жасалма соода-сатык келишимдерин мыйзамсыз катташып, мамлекеттик мүлктү "F-M" ЖЧКсына өткөрүп беришкен.
"Мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке келтирилген зыян 13 миллион 850 миң 785 сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" жана "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.