Өлкө аймагында өткөн жумада СOVID-19 инфекциясынын 5 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалымдалгандай, жумасына экиден алтыга чейин учур катталып, коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда.
Бешинчи жумада 5 учур катталды. Алар - Бишкекте – 1, Ошто - 1, Ош облусунда – 2 жана Ысык-Көл облусунда – 1.
"Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө", - деп айтылат билдирүүдө.