Экономика министрлигинин мурдагы кызматкерлери жана жеке компаниянын негиздөөчүсү кармалды

Каржы министрлигинин Банкроттук иштер боюнча департаментинин кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Экономика жана каржы министрлигинин мурдагы кызматкерлери жана жеке компаниянын негиздөөчүсү Т.Ж.К., К.Н.К. жана С.Т.Ж. кармады.

Тергөөнүн жүрүшүндө атайын администрациялоо жол-жобосун аткаруу учурунда С.Т.Ж. аттуу жеке компаниянын негиздөөчүсү К.Н.К. менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барышкан. Каржы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен Эсептешүү келишимин түзүүнү демилгелеп, ал банкроттук жол-жобосунан чыгууга жана фонддун уруксаты менен жер участогун турак жайды үлүштүк куруу үчүн пайдаланууга мүмкүндүк берет. Компаниянын Каржы министрлигине караштуу ФКФга болгон карызы 11 миллион 475 миң 590 долларды түзөт. Ошол учурда атайын администратор С.Т.Ж. аталган компаниянын башкы директору болуп дайындалган.

"Иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен аталган ишкананын негиздөөчүсү жана ээси К.Н.К. экени аныкталган. Ал үлүштүк курулуш аркылуу курулуп жаткан турак жай комплексиндеги турак жайларды сатуудан 200 миллион сомдон ашык акча каражатын алып салган. Ага байланыштуу Каржы министрлигине караштуу ФКФга болгон карыз COVID-19дун узакка созулган кесепеттерин шылтоолоп төлөнбөй калган",-деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 5-февралда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул фактыга тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан