Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан лыжа буюмдарын ижарага берген жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, тилсиз жоо тууралуу билдирүү болжолдуу саат 12:12де түшкөн. Жерине эки күжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 13:03тө толугу менен өчүрүлгөн. Бактыга жараша, өрттөн жабыркагандар катталган жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.