Бүгүн, 6-февралда президент Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” аттуу китеби 1500 нускада Билим берүү жана илим министрлигине келип түштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, улуттун жана мамлекеттин багыттуу жолун аныктаган, терең мааниге ээ болгон китеп 72 илим изилдөө институттарына жана Улуттук илимдер академиясынын борбордук илимий китепканасына 20 даана берилет.