Биз социалдык тармакта

Былтыр Нарында 129 энеге "Баатыр эне" ордени берилди

Былтыркы жылы президенттин жарлыктарына ылайык Нарын облусунда 129 энеге "Баатыр эне" ордени, 88 энеге "Эне даңкы" медалдары берилди. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов облустагы эң улуу жана эң кичүү "Баатыр энелерге" орден, медалдарды жана өзүнүн белектерин тапшырды.

Ошондой эле ал баатыр энелер менен баарлашуу учурунда энелердин коомдогу бийик ордун баса белгилеп, алар тарбиялап өстүргөн уул-кыздарынын келечеги кең болушун тилек кылды.

Белгиленгендей, башка "Баатыр энелерге" сыйлыктары жеринде ыйгарылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан