Биз социалдык тармакта

Бишкекте автобустардын GPS-трекерлерин өчүргөн айдоочулар аныкталды  

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы автобустардын GPS-трекерлерин өз алдынча өчүргөн айдоочуларды аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, эрежелерди сактабаган 13 айдоочуга сөгүш жарыяланды.

Белгилей кетсек, буга чейин жүргүнчүлөр тарабынан “Менин шаарым” тиркемесинен кээ бир каттамдагы автобустар көрүнбөй жатканы боюнча кайрылуулар түшкөн.

"Аталган иш-чара ишкана тарабынан байма-бай өткөрүлүп, GPS-трекерлерди өз алдынча өчүргөн, эрежелерди сактабаган айдоочуларга жумуштан бошотууга чейин катуу чара көрүлөт",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан