Биз социалдык тармакта

Ноокат районунда жаңы мектеп колдонууга берилди 

Бүгүн, 6-февралда Ноокат районунун Калдай айылында курулушу бүткөн 150 орундуу мектептин ачылышы болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Ага ылайык, билим уясы мамлекеттик бюджеттен каржыланган, сметалык баасы 102 миллион 458 миң сом. Учурда курулуп жаткан мектептер сыяктуу эле толук шарты менен салынды.

Белгилей кетсек, мектептин имаратынын курулушу 2022-жылдын апрель айында башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан