1-февралда ЦУМ-Холдингдин директорлор кеңеши компаниянын жаңы башкы директору Гүлниза Абдинасированы шайлады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Буга чейин бул кызматты Болушбек Абдыжапаров аркалап келген. Анын ыйгарым укуктары 26-январда токтотулган.
Эскерте кетсек, УКМК Абдыжапаров Көлбаевдин иши боюнча былтыр ноябрда эл аралык издөө жарыяланган Анвар Габбазовдун өнөктөшү экенин билдирген. Ошол эле учурда ЦУМдун жетекчилиги Анвар Габбазов соода борборунун ээси эмес экенин айтууда.