Кечээ, 6-февраль күнү кечинде Бишкектеги Ак-Ордо конушунда автобус менен жеңил унаа сүзүштү. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Анда Honda Fit унаасы менен автобус сүзүшкөн. Кырсык Ахунбаев жана Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсыктан жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.
Милициянын кайгуул кызматы бул боюнча маалымат бере элек.