Мамлекетке милдеттүү салык төлөмү болгон 150 миллион сом өндүрүлдү

Бишкекте прокурордук актынын негизинде мамлекетке 150 миллион сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган каражат Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Жогорку сотко караштуу Сот департаментине келтирилген прокурордук актынын негизинде өндүрүлгөн.

Анда 2012-2019-жылдар аралыгында мамлекетке салык төлөбөй келген "А" ЖЧКсынын жетекчиси А.К.дан 150 миллион 82 миң сом өндүрүлгөн.

"Бул багытта прокуратура органдары тарабынан иш-чаралар үзгүлтүксүз улантылууда. Учурда мамлекетке келтирилген зыянды кайтарууга багытталган прокурордук иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан