Өлкөдө жыл сайын 5 миң 500гө чукул адамдан онкологиялык оорулар аныкталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен рактан каза болгон адамдардын саны боюнча биринчи орунда турат. Ооруну баштапкы этабында аныктоо үчүн эл рактын белгилери тууралуу алдын ала маалымдар болуп, дайыма профлактикалык текшерүүдөн жана скринингден өтүп турушу зарыл.
Министрлик жылына жатын моюнчасынын рагына кабылган 600 аял аныкталарын, анын ичинен 300ү көз жумарын кошумчалады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү
Ливиу Ведраско өлкө жатын моюнчасынын рагы боюнча ДССУнун Глобалдык стратегиясына кошулганын айтты.
"Учурда Кыргызстанда рактын бул түрү менен ооругандардын жана каза болгондордун деңгээлин азайтуу үчүн иш-чаралар жүрүп жатат. Тагыраагы, 2022-жылы эмдөө календарына 11-14 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы вакцинациялоо киргизилген. Анын бир жылында эле биринчи дозасын 72 пайыз, экинчисин 62 пайыз кыз алды. Бул оорунун алдын алса болот, биз ага биргеликте жетишебиз", - деди Ведраско.
Белгилейт кетсек, 4-февраль бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күнүнө карата Саламаттык сактоо министрлиги өнөктөштөрү менен чогуу жатын моюнчасынын рагы жөнүндө маалымдоонун бир айлыгынын алкагында пресс-жолугушуу уюштурган.
Иш-чаранын негизги максаты - коомчулуктун көңүлүн рак оорусун эрте диагностикалоо, дарылоо жана алдын алуунун маанилүүлүгүнө буруу болуп саналат. Быйылкы жылы репродуктивдүү курактагы аялдар арасында эң көп кездешкен жатын моюнчасынын жана эмчек рагын алдын алууга басым жасалууда.