"Эмнеге менин жигитим менен сүйлөшөсүң?!". Ошто 16 жаштагы кыздар бир жаш улуу кызды сабап салышты

Ошто жашы жете элек кыздын денесине жараат келтиришип, телефонун тартып алууга шектүү кыздар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Ош ШИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-январда саат 16:00 чамасында Ош шаарынын тургуну 2007-жылы туулган жашы жете элек кызды сырттан тааныш болгон 1 жаш кичүү кыздар үйүнөн чакырып чыгышып, далдоо жерге алып барып сабашкан. Окуя жабырлануучу менен 2008-жылы туулган Т.Д. аттуу кыздын ортосундагы пикир келишпестиктен болгон. Анда Т.Д. жабырлануучуну “эмнеге менин жигитим менен сүйлөшөсүң, экинчи мамиле кылбагын!” деп ура баштаган да анын шериктери дагы кошулуп сабашкан. Андан соң анын iPhone 8 үлгүсүндөгү телефонун алып, качып кетишкен.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын 19-январда берген корутундусуна ылайык, жабырлануучу жеңил дене жаратын алгандыгы жана ага материалдык жактан олуттуу өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.
Аталган окуя боюнча шектүүлөр тарабынан тартылган видео тасма дагы далил катары алынып, кылмыш ишине тиркелген.
Мындан улам 6-февралда негизги шектүү жана бул кылмыштын демилгечиси катары Д.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 2008-жылы Орусияда туулган жана Орусиянын жараны. Учурда Оштогу педагогикалык багытта билим берүүчү окуу жайынын 1-курсунун студенти жана убактылуу Ош шаарынын тургуну.
Мындан тышкары негизги шектүү катары кармалган Т.Днын 2 шериги кармалган. Алар:
Шериги У.Ү. 2008-жылы Өзгөн районунда туулган, өзүнүн айтуусуна караганда мурда соттолгон. Убактылуу Ош шаарында жашайт.
Экинчи шериги А.Г. 2008-жылы Кара-Суу районунда туулган. Учурда Ош шаарындагы кесиптик лицейлердин биринде 1-курсунун студенти, убактылуу Ош шаарында жашайт.
Учурда кармалган кылмыштагы шериктердин бул кылмыштагы ордун аныктоо, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан