Бишкек шаарында көп балалуу энелер салтанаттуу түрдө "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалдары менен сыйланышты. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, борбор калаанын төрт районунун акимдери энелерди татыктуу мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана үй-бүлөдө бакубат жашоо каалашты.
"Бишкек шаарынын мэриясы коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон бардык энелерге терең ыраазычылык билдирет", - деп айтылат билдирүүдө.