Биз социалдык тармакта

Эскертүү! Бишкек менен Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болот

Бишкек менен Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болот. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертип, шашылыш билдирүү таратты.

"Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан