Кечээ, 17-декабрда Бинаретдин Султанбаев атындагы Футбол калыстарынын мектебине расмий түрдө 4-ирет окуучуларды кабыл алуу салтанаты болду. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирет.
Маалыматка ылайык, бул жолу окуу курсуна 25 улан-кыз кабыл алынды. Алар эми футболдогу калыстын ролу тууралуу 6 ай практикалык жана теоретикалык сабак алышат.
Саамалыкка КРнын Футбол федерациясынын биринчи вице-президенти Аскар Салымбеков, аталган федерациянын вице-президенти Өмүрбек Кутуев, Аткаруу комитетинин мүчөлөрү Абдыгул Чотбаев, Азатбек Шаилдабеков катышты.