Эртең, 8-февралда көпчүлүк аймакта жаан, кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт. Күндүзү болсо жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +3…+5 градус жылуу болушу күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6 градус болот.