Лейлекте жасалма авиабилеттерди сатып жүргөн делип 24 жаштагы жаран кармалды

Баткендин Лейлек районуна жасалма билет сатып жүргөнгө шектүү жаран аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Кабарлангандай, 6-февраль күнү Лейлек РИИБине райондун жашоочуларынан 5 арыз келип түшкөн.

Анда алар Раззаков шаарындагы "My Travel" авиакассасынан Орусияга учуу үчүн ар кайсы каттамдарга билет алып, бирок учуу убактысы келгенде аэропорттон алардын билети жасалма экендиги аныкталганын билдирип кайрылышкан.

Бул арыздар Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Лейлек РИИБинин Андарак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Сумбула айыл аймагынын Андарак айылынын 24 жаштагы А.Х. аттуу тургуну аныкталып, кармалды.

Учурда кармалган жаран тергөө бөлүмүнө камсыздалып, жалпысанан жабырлануучуларга 127 миң 475 сом зыян келтирилгендиги такталды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан