Кытай тараптын демилгеси менен Кыргызстан-Кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кытайдагы жаз майрамына байланыштуу 10-февралдан 12-февралга чейин "Торугарт-автодорожный" жана “Эркештам-автодорожный” өткөрүү пункттары убактылуу жабылат.
“Эркештам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 13-февралдан баштап жанданат", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.