Бүгүн, 7-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандар министрликке караштуу тармактардагы көйгөйлөрдү маалымдап, анын чечилишине көмөктөшүү өтүнүчтөрү менен кайрылышты.
"Алтынбек Максутов ар бир жаран менен жакындан баарлашып, айтылган маселелерди аппараттын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө мыйзам чегинде чечүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, министр жарандарды ар жуманын шаршемби күнү саат 15:00дө үзгүлтүксүз кабыл алат.