Орусияда жол кырсыгынан эки Кыргыз жараны каза болду

Орусиянын Пенза облусундагы трассада болгон жол кырсыгынан улам эки Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, 4-февралда Орусиянын Пенза шаарынын трассасында болгон жол кырсыгынан улам Кыргызстандын эки жараны каза таап, бир Орусиянын жараны оор жаракат алган.

аза болгон мекендештердин сөөгү жерге берүү үчүн Кыргызстанга жеткирилген. Ал эми жаракат алган Орусиянын жараны ооруканага жеткирилип, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан