
Бүгүн, 8-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 928 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
"Суунун агып келиши секундасына 150 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 641 куб метрге жетүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал арада өлкөнүн энергетиктери электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырууда.