Өлкө аймагында акыркы суткада 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Кабарлангандай, өрттү өчүрүүгө 7 күжүрмөн эсеп тартылган.
"Ош облусунда – 2, Чүй облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 1 тилсиз жоо катталган", - деп айтылат билдирүүдө.
Куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болгону кошумчаланды.