Бишкекте уурулук менен алектенген топ кармалды. Шектүүлөр акча, зер буюмдарды уурдап келишкен

Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бир катар уурулук кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 7-февралда Бишкек шаарында милиция кызматкерлери жабырлануучулардын жазган арызынын негизинде бир катар уурулук кылган 4 адамдан турган топту кармашкан. Шектүүлөр Чүй, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында автоунаа менен жүрүшүп көбүнесе зер буюмдарын жана акча каражаттарын уурдап келишкен.
Кармалгандар 30-январда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы үйдөн "Алтын" зер буюмдарын, ноутбук жана акча каражатын уурдашкан. Келтирилген чыгым 211 миң сомду түзөт. Ошондой эле 28-январда Аламүдүн районунун Өскөн-Ордо жаңы конушунда жайгашкан үйдөн зер буюмдарын уурдап кетишкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1979-жылы туулган А.Ж., 1988-жылы туулган М.А., 1992-жылы туулган М.О. жана 1996-жылы туулган Ю.Ш.лар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүлөр мура бир нече жолу соттолгону аныкталган.
Кармалган учурда алардан уурдалып алынган алтын зер буюмдар, акча каражаттары, телефондор, үй буюмдары далил зат катары табылып, Баткен, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жасашкан көптөгөн уурулук фактылары аныкталды.
Учурда тергөө уланууда жана шектүүлөрдүн башка кылмыш фактыларына тиешеси бар экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан