
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти кызматына жалгыз талапкер болду. Аны "Талант" футбол клубу сунуштады.
Аталган уюмдан кабарлашкандай, 7-февралда Шайлоо комитетинин жыйыны болуп, Кыргыз футбол союзунун президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди.
Талапкерликти көрсөтүү тууралуу табыштама 6-февралга чейин берилиши керек эле.
Ага ылайык, КФСинин вице-президенттигине төрт адам жана аткаруу комитетине кирүүгө 10 киши ат салышууда. Кыргыз футбол союзунун президентин жана аткаруу комитетин шайлоо ушул жылы 19-февралда болот.
Эске салсак, буга чейин Садыр Жапаров УКМК төрагасын футбол союзун катуу көзөмөл кылуу үчүн башкарып
берүүнү сунуштаган.