Бүгүн, 9-февралда түнкүсүн кээ бир аймактарда бир аз кар жаашы мүмкүн. Ал эми күндүз өлкө боюнча жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13 градус,
Талас аймагында түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11 даража,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13кө чейин жылыйт.
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,
Нарын дубанында түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6.
Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +11…+13 градус жылуу болушу күтүлөт.