
Бүгүн, 8-февралда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылындагы тоодо чет элдик жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, 53 жаштагы чет өлкөлүк киши 5-февралда тоого лыжа тепкени кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
Аны издөө иштерине ӨКМнын 15 куткаруучусу дрон менен чыгып, бүгүн болжолдуу саат 12:45те анын сөөгүн кар көчкүнүн алдынан табышкан. Ал Франция өлкөсүнүн жараны экени белгилүү болду.