Ош шаарында баңгизат сатууга шектелип мугалим кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, милицияга Ш. аттуу аял Ош жана Баткен облустарынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, маалыматты текшерүү учурунда Баткен облусундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеген Ш аттуу аял көптөн бери баңгизатын таратып жүргөндүгү аныкталган.
Тиешелүү кызматкерлер тарабынан Ош шаарында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1 килограммдан ашык "гашиш" баңгизатын сатууга аракет кылган 1993-жылы туулган Р.Ш. аттуу жаранды кармашты.
Кармалган жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылыйык кылмыш иши козголуп, Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган баңги кылмышына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.