Кыргызстандык спортчулар, бир тууган Алексей жана Павел Вакуриндер 20-21-декабрда Канаданын Лейк-Луиз шаарында өтө турган Дүйнө кубогуна катышышат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча Эл аралык федерациянын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар сноуборд-кросс категориясы боюнча 20-декабрда тандап алуу турунда, 21-декабрда мелдештин финалдык баскычында жарышка түшүшөт.
Эске салсак, бул жарыштарда “Сочи-2014” Кышкы Олимпиада оюндарына жолдомолор ойнотулат.