Бишкекте дайынсыз жоголгон 20 жаштагы кыз Оштон табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Биринчи Май РИИБинен билдирди.
Буга чейин 29-январда милицияга апасы Адинай Абазованы издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.
Изделип жаткан Адинай Ош облусунун аймагынан табылды.
Учурда бардык жагдайлар такталып жатат.