Баткенде 161 миллион сомдук БСРдин курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Жетиген айылына сугат суу кампасы (БСР) курулууда. Аталган объектке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барды.
"Учурда тургундардын үлүш жерлеринен чыккан жер астындагы суулар топтолуп пайдаланылбай турат. Топтолгон суулар үчүн суу кампасы курулса 500 миң куб сууну пайдаланууга шарт түзүлөт. Натыйжада Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын 1500 гектар сугат аянтына суу жетет", - деп айтылат маалыматта.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 6 миллион 390 миң сом бөлүнүп, механикалык тазалоо иштери жүрүүдө. Алдын ала эсептөө боюнча БСРди толук бүткөрүүгө 161 миллион сом сарпталат.