Биз социалдык тармакта

ӨКМ: "Бишкек-Ош жолунда кооптуу кар көчкүлөр атып түшүрүлдү" (фото)

Бишкек-Ош жолунда кооптуу делген кар көчкүлөр атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 247 (Көчкүлүү булак тилкеси), 255 (Пельменный тилкеси) жана 250 (Кызыл-Жар тилкеси) чакырымдарындагы карды мажбурлап түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалпы 23 миң 230 метр куб кар көчкү түштү.

"Бүгүн дагы ошол эле аймактарда, Чычкан капчыгайынан Ала-Бел ашуусуна чейинки аралыкта атып түшүрүү иштери улантылат", - деп айтылат маалыматта.

ӨКМнын адистеринин ИИМдин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иштери ушул жылдын 8-февралынан 12-февралына чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 132-135 жана 198-255- чакырымында жүргүзүлөрү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан