Казакстандын Актөбө облусунун Хромтау районунун Тез жардам кызматынын фельдшерлери катаал аба ырайында бейтапка кантип жеткенин видеого тартып алышкан. Анда алар дээрлик бир саат бою бейтапка жете алышкан эмес.
Tengrinews.kz сайтынын кабарчысы видеого тарткан улук фельдшер Сая Рысбай менен байланышкан. Анда ал видеону Тез жардам кызматынын диспетчерлерине бейтапка эмне үчүн көп убакытта жеткенин түшүндүрүү үчүн тартканын билдирген.
Бейтапка жеткен Актөбө облусунун фельдшерлерине Саламатттыкты сактоо министри Акмарал Алназарова ыраазычылык билдирип пост жазган.
"Ар кандай аба ырайында, аязда, бороондо, жолсуз жолдордо тез жардам кызматы экстремалдык шарттарга карабастан миллиондогон чакырууларды тейлеп, адамдын өмүрүн сактап калууга тийиш. Бул каармандардын арасында Хромтау районунун Тез жардам кызматынын фельдшерлери: Бауыржан Кудияров, Сая Рысбай, Кайрат Тлеу да бар. Алар кар күрткүсү аркылуу инфаркт менен ооруган бейтапка барып, жардам берип, өздөрүнүн асыл кесибине берилгендиктерин көрсөтүштү", - деп жазган Саламатттыкты сактоо министри Акмарал Алназарова.