Биз социалдык тармакта

Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн миңдей маршрутка каттамдан чыгарылды

Бишкек шаарындагы коомдук транспорттон 986 кичи автобус чыгарылды. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк иши боюнча отчётунда кабарланды.

Маалыматка караганда, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү эки тарапка тең бошотулду. Бул тилкеде кичи автобустардын ордуна автобустар гана каттай баштады.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Байтик Баатыр көчөсүнүн Кулатовдон Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүн маршруткалардан бошотуу долбоорлору иштелип чыкты. Бул жерде да эки маршруттук линия автобустарга алмаштырылат.

Мэрия былтыр өлкөгө миңдей жаңы автобус алып келингенин жана мындан тышкары быйыл 120 электробус сатып алынарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан