Биз социалдык тармакта

Өлкө 60 чет өлкөлүк жаранга пенсия чегерди

Өлкө ЕАЭБдеги макулдашуунун алкагында 60 чет өлкөлүк жаранга пенсия төлөйт. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Социалдык фонд билдирди.
Маалыматка караганда, Орусиянын 51, Казакстандын 8 жана Беларустун 1 жаранына пенсия чегерилген. Ал эми Орусия биздин 33 жаранга пенсиянын бир бөлүгүн чегерген.
Эске салсак, 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндөгү макулдашуусу 2021-жылдан тарта күчүнө кирген. Ага ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер: Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Армениянын жана Беларустун жарандары ЕАЭБ аймагында эмгекчи болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан